Бишкек шаарына 20 “Тез жардам” унаасы жетишсиз. Муну бүгүн, 21-февралда мэрияда өткөн коллегиялык жыйында вице-мэр Мурат Исмаилов айтты. Анын билдиришинче, борбор шаар 11 рентген, 9 флюорография жабдуусуна муктаж. Ошондой эле Бишкек шаарында 46 алдын ала дарылоо уюму иштеп жатканы айтылды.