"Ар-намыс” фракциясынын 21-февралдагы жыйынында депутаттар Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына талапкерлерди кароодо. Депутат Каныбек Иманалиев талапкерлердин ичинде таза эмес адамдар бар экенин билдирди. Буга нааразычылык билдирүү иретинде залдан чыгып кетти депутат. “16 талапкердин ичинен 6 адамга кайсы бир убакта кылмыш иши козголгон, ал эми экөө депутаттардын жакын туугандары. Мунун өзү биздин тандоого шек туудурат”,- деди Иманалиев.