“Быйыл дыйкандарга 4,7 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилет”,- деп билдирди бүгүн, 21-февралда КСДП фракциясынын жыйынында каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев. Айтымында, каражаттын 400 миллион сому республикалык бюджеттен, калганы банктар аркылуу берилет.
Насыя 2 жылдык мөөнөткө, 9-10 пайыздык үстөгү менен бериле турганы айтылды. Кожошевдин билдиришинче, кошумча булактар табылып калса, насыянын көлөмү 7 миллиард сомго жетиши мүмкүн.