“Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “2012-жылдын супер тобу” наамына татыган “Чоро” тобу алгачкы клибин тартып, элге сунуштады. Бул тууралуу топтун мүчөсү Нурболот бүгүн, 21-февралда SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, ыр өзү 2 апта мурун жазылып, клип бүгүн жарык көрүп отурат. “Клип “Сүйүү жазы” тасмасынын саундтреги болгондуктан, тартууга көп убакыт короткон жокпуз. Студияда гана тарттык да, тасманын кадрлары менен толуктадык. Бул “Чоро” тобунун алгачкы клиби”,- дейт Нурболот.