Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына ат салышуудан талапкерлигин чакыртып алды. Муну депутат “Ар-намыс” фракциясынын 21-февралдагы жыйынында билдирди. Мадалиевдин талапкерликтен баш тартышына бир катар кесиптештери анын талапкерлигин колдобой койгону себеп болуптур.
Эскерте кетсек, аталган кызматтын мурдагы башчысы Эрлан Сапарбаевди “Ар-намыс” фракциясы артка чакыртып алган. Мамкаттоону жетектөөгө 16 талапкер чыгып, бүгүн айрымдары талапкерликтен баш тартышты.