Чуулгандуу аудиожазуунун каарманы Индира Исманкулова "өзүмө жана балдарымдын коопсуздугуна коркунуч келтиришүүдө" деп КТРКнын Байкоочу кеңешине арыз менен кайрылды

Мындай маалыматты SUPER.KG порталына КТРКнын башкаруучу органы болгон Байкоочу кеңештин мүчөсү Фархат Бекмамбетов билдирди. 
"21-февралда Индира Исманкулова аттуу жарандан бизге кат келип түштү. Анда Исманкулова "Аалам сырларын" адилеттүү, таза долбоор деп ойлоп катышкам. Супер финалдын алдында берүүнүн менеджери Дана Абдыбекова менден 20 миң доллар сурады. Мындайын билгенде катышмак эмесмин, таза долбоор, аягына чейин өз күчүм менен жетейин деген элем. 
Аудиожазуудан коомчулук кабар тапкандан кийин кечинде Дана Абдыбекова бейтааныш эркектердин коштоосунда үйүмө келип, өтө одоно түрдө сүйлөшүп кетти. Өзүмдүн жана балдарымдын коопсуздугуна коркунуч келип жаткандыгы үчүн сиздерге арыз менен кайрылдым" деп жазыптыр. 
Кат менен таанышып чыгып, арызды Байкоочу кеңештин 27-февралда боло турган жыйынында каралуучу маселелердин күн тартибине киргиздик. Бул окуя саналуу бир топтун эле эмес, жалпы КТРКнын ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүүдө. Ал эми Коомдук телеканалда мыйзамдуулуктун сакталышына жана редакциялык саясаттын бузулбашына Байкоочу кеңеш кызыкдар",- деп баса белгиледи Фархат мырза. 
Аудиожазуудан коомчулук кабар тапкан күнү эле Асыл Аппасова "Индира деген катышуучу жаздырып алды деп ойлоп жатабыз, териштиргени чыктык" деп ММКлардын бирине комментарий берген эле. Уюштуруучу топтун "териштиребиз" дегени басым көрсөтүү менен коштолгонун айтып Индира Исманкулова Байкоочу кеңешке арыз менен кайрылганын Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ырасташууда.
Эгер Индира Исманкулова Дана Абдыбекова айтып жаткандай "анын үнүн көчүрүп алып", ушунчалык ынанымдуу деңгээлде монтаждап чыккан болсо, анда жалаа жапкандыгы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек болот. Чырылдап айтып, арызданып жатканы чындык болсо, анда уюштуруучу топ мыйзам алдында жооп бериши зарыл.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан