Белгилүү клипмейкер Эрнист Сыдыковдун жубайы, “Көк салкын” тасмасы аркылуу элге таанылган актриса Кымбат Асизова 23-февралда экинчи уулун жарыкка алып келди. Бул тууралуу Эрнист Сыдыков бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
“Экинчи уулубуз кечээ, 23-февраль күнү күндүзгү саат 10:40та жарыкка келди. Ага чейин эле интернеттен караштырып, ысымдарды даярдап жүргөнбүз. Ошол ысымдардын ичинен ата-энем кеңешип, Умар деген атты тандап алышты. Учурда Кымбаттын жана уулубуздун ден соолуктары жакшы. Буюрса, бир-эки күндө төрөтканадан чыгарып, үйгө алып келебиз”,- дейт ал.
Эске салсак, буга чейин жубайлар Замир аттуу уулду тарбиялап келишкен.