Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин туугандары бүгүн, 25-февралда уюштурган маалымат жыйында кылмышка шектелип жаткан милиция кызматкерлери Жоомарт Сыдыковдун туугандары чуу чыгарып, жыйынды өткөрүүгө тоскоолдук жасашты.
Жоомарт Сыдыковдун агасы Аскар Сыдыков: "Айбек Мамбеталиевдин жакындары сот аяктаганда айыпталуучуларга бензин чачып, аларды өрттөөгө аракет кылышты. Ошол эле учурда бөтөлкөлөрдүн калдыктары менен айыпталуучуларды урушту. Чатак 10 мүнөткө созулду. Милиция кызматкери келип тосмону ачканда, айыпталуучулар качууга аракет кылышты. Жоомарт Сыдыковду кармашып, унаага салып Айбек Мамбеталиевдин мүрзөсүнө алып барып, ошол жактан ур-токмокко алышкан. Экинчиси - Чыңгыз Баялиев качып, жашынып калды. Үчүнчүсү - Рустам Токтогуловду сабап, Көкөмерен дарыясына ыргытышкан. Анын денеси табыла элек",- дейт.
Эскерте кетсек, Кара-Кечеде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин жакындары 20-февралда болгон сот отурумунда жаңжал чыгарышкан.