Алмазбек Атамбаев бюджетти так аткаруу, өлкө жарандарынын алдында кабыл алынган бардык социалдык милдеттенмелерди аткаруу зарыл экенин айтты.
Мамлекет башчы Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген долбоорлорду өз учурунда каржылоонун маанисин белгиледи.