Наталья Никитенко Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын өкүлү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин мүчөсү Наталья Никитенко 25-февралда Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) “демократия боюнча өнөктөштүк” макамын алуудагы Кыргызстан боюнча баяндамачысы Андреас Гросс менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Жолугушууда тараптар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү жана жалпы эле билим берүү мекемелериндеги кырдаал жөнүндө пикир алышты. Ошондой эле билим берүүнүн сапатынын жогорулашы менен мектептердин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугуна көмөктөшүүнү камсыздоочу камкордук кеңештерди түзүү маселесине да көңүл бурулду. Мындан сырткары тараптар диний билим берүүнү талкуулашты. 

“Билим алууга болгон мүмкүнчүлүк – бул жарандардын маанилүү укуктарынын бири, парламент бул тармакта жигердүү иш алып барууда. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, балдар жөнүндө кодекс иштелип чыкты”,- дейт Никитенко. Ал жашы жете электердин ар кандай жумуштарда иштөөгө аргасыз болгондугуна жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына байланыштуу экенин кошумчалады. 

Н.Никитенко Кыргызстанда жүргүзгөн иш-аракети үчүн ЕКПА миссиясына ыраазычылык билдирип, демократиялуу коом куруу алкагында Европа кеңешинин жемиштүү кызматташтыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан