Кыргызстандын Бажы биримдигине качан кириши азырынча белгисиз. Муну бүгүн, 26-февралда парламент жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, учурда Кыргызстандын позициясы боюнча тийиштүү программа иштелүүдө.
“Биримдикке качан кирерибиз азырынча белгисиз. Тийиштүү жолду басып өткөндөн кийин өкмөт өз жыйынында чечим кабыл алат. Ага сөзсүз президент, Жогорку Кеңеш катышат”,- деди Сариев.