Бүгүн "Манас" кинотеатрында “Пентхаус” кыргыз кинокомедиясынын бет ачары болду (фоторепортаж)

Бүгүн, 4-мартта кыргыз кино дүйнөсү дагы бир тасма менен толукталды. Дегеним, учурда "Манас" кинотеатрында, жабык эшик артында “Пентхаус” кинокомедиясынын бет ачары болууда. Ага белгилүү кыргыз киночулары, актёрлор, ырчылар жана каармандардын жакын санаалаштары катышууда. Ачылыш аземди "тамашоучу" Куба ачып, көрүүчүлөр арасында оюн уюштурду. Андан соң кол чабуулар менен тасма көрсөтүлө баштады.

Тасма тууралуу айта кетсек, анда актёрлор КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев, Камчы Сарыбаев, Азамат Арыков, куудулдар Борончу Кудайбергенов, Бакыт Мукул, “Ак-Өргө City” командасынын жигиттери, эстрада ырчылары Асел Турдалиева, Абидин Темиров, Омар, Азиз Жетигенов, Курал Чокоев жана опера ырчысы Замира Мавлянова роль жараткан.

Тасма жаш кезинен атасыз өскөн Эмил аттуу жигиттин Орусиядан атайын атасын издөө үчүн келгени менен башталат. Анын Кыргызстанга келгендеги дагы бир максаты социалдык тармактан таанышкан кызы Айдайга жолугуу эле. Эмил досуна жолугат. Көп өтпөй Эрмек аттуу жигиттин шефи карап тур деп табыштап кеткен пентхауста 4 дос жашап калышат. Бул аралыкта Эмил таанышы Айдайга жолугуп, анын жүрөгүн ээлегенге жетишет...

Кошумчалай кетсек, тасманын режиссёру – Нурлан Мамакеев. Продюсери – Эльдияр Кененсаров жана Нурлан Мамакеев. Сценарийин жазгандар – “Ак-Өргө City” командасы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Erhan
2014-03-05 00:34:49
Азаматсынар дагы да ийгиликтерди багынтып элдин кызматында журо бериниздер !
0
inoplanetyanin
2014-03-05 09:32:44
kim kordu uwul kinonu? korso bolo turgandaiby?
0
Jakusya
2014-03-05 14:09:15
inoplanetyanin,
Мен кордум) корсо болот экен жакшы, маанай которуп "от души" кулуп келсен болот. )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан