Бүгүн, 6-мартта Индонезиянын борборунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Кырсыктын кесепетинен 16 адам көз жумду. Набыт болгондордун басымдуу бөлүгү кары-картаңдар. Маалыматка ылайык, Түштүк Сулавеси аймагында 45 жүргүнчү менен бара жаткан автобус 20 метр бийиктиктеги жардан кулап түшкөн. Алдын ала божомолдордо транспорттук каражаттын айдоочусу рулду башкарып баратып уктап калганы айтылууда.