Биринчи Май районунда таштандыларды тазалоо үчүн 60 жумушсуз адам ишке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, таштандылардан тазалоо иштери төмөндөгү көчөлөрдө жана аймактарда жүрөт:
- №14, 15, 16-жергиликтүү аймактык башкармалыктарында;
- Жибек Жолу, Д.Асанов, Күрөңкеев, Ростов, Беломор, Мидин, Минск көчөлөрүндө;
- Касым, Керемет, Ак-Босого конуштарында.