Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттады. Бул туурасында
Кыргызстан мунай сатуучулар ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди. Маалыматка ылайык, 8-марттан тарта бензиндин бардык түрүнө карата баа жогорулады. АИ-80 үлгүсүндөгү май 1 сомго, Аи-92, АИ-95, АИ-98 үлгүсүндөгү бензин жана дизелдик отун 60 тыйынга көтөрүлдү.
Анын айтымында, баалардын кымбаттоосу Орусия мунай заводдорундагы баанын жогорулагандыгына байланыштуу. «Ал жакта күйүүчү-майлоочу майдын баасы 4-14 пайызга чейин көтөрүлгөн. Дагы бир себеби, доллардын курсунун сомго карата жогорулагандыгы»,- деп кошумчалады мунай ташуучулар бирикмесинин президенти.
Белгилей кетсек, буга чейин бир апта мурун дагы күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосу катталган. 1-мартта АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга көтөрүлүп, чекене сатууда ал 33,1 сомго чыккан. АИ-92 20 тыйынга жогорулап, 36,9 тыйындан сатылган. АИ-95, АИ-98 үлгүсүндөгү бензин 30 тыйынга кымбаттап, 42,2-45,9 сомдон болгон. Дизелдик отун 20 тыйынга көтөрүлүп, 39,9 сомдон сатылган.