Садыр Жапаров: "Бийлик провокация жасап, Ак үйдүн тосмосун аттачу балдарды даярдап жатканын угуп, курултайды 31-мартка жылдырдык"

ЖКнын экс-депутаты Садыр Жапаров уюштурган курултай 17-марттан 31-мартка жылдырылды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына "бийлик провокация жасап, Ак үйдүн торун аттачу балдарды даярдап жатканын угуп, курултайды 31-мартка жылдырдык" деп билдирди.
"Курултайга Мелис Мырзакматов жана Камчыбек Ташиевдин келиши же келбеши алардын жеке иши. Биз жалпы республикага жарыяладык, "келиңиздер" деп. Мен ойлойм, ар бир жаран келип катышууга милдеттүү. Себеби бул жерде Садыр Жапаровдун жеке маселеси каралып жаткан жок. Жалпы элдин трагедиялуу көйгөйү каралып жатат",- дейт Садыр Жапаров.

Мындан тышкары ал курултайда баш аламандык болуп кетпеш үчүн болгон күчтү жумшаарын айта кетти.

"Азырынча өмүрүмө кооптуу болуп тургандыгына байланыштуу көчөгө чыкпай элемин. Бул бийлик менен канадалыктардын мен жөнүндө түзгөн пландарын уксаңыз төбө чачыңыз тик турат",- деп кошумчалады Жапаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан