Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Бишкек жылуулук тармагы» ишканасында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көчмө жыйында «Бишкек жылуулук тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Мирбек Батаканов Бишкек шаарындагы борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо тармагынын абалы жана көйгөйлүү маселелери боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, бул ишкана 428,667 чакырым жылуулук түйүнүн жана 19 насостук станцияны иштетет. Бүгүнкү күндө жылуулук өткөрүүчү түтүктөрдүн 300, 378 чакырымы өзүнүн 25 жылдык ченемдик пайдалануу мөөнөтүн иштеп бүткөн. Өткөн жылы жылуулук түйүндөрүндө 317 авария болгон. Эскилиги жеткен түтүктөрдөн жана башка себептерден улам техникалык жоготуу 2013-жылы 511,4 миң Гкалды же 26,2 пайызды түзгөн.
Жыйында эскилиги жеткен жылуулук өткөргүчтөрдү алмаштырууга керектелчү каражатты табуунун жолдору талкууланды. Аталган ишкана тарабынан жылуулукка болгон тарифти көтөрүү демилгеленип, бул маселе кайчы пикирлерди жаратты. Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев тариф көтөрүлө турган болсо, жарандардын эмгек акыларын же пенсияларынын көлөмүн, социалдык абалды көтөрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө бүгүнкүдөй тарифте тармактагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө инвесторлор келбестиги айтылып, ысык сууну эсептөөчү эсептегичтер менен камсыздоого эле 583 миллион сом керектиги белгилүү болду. Депутат Райкан Төлөгөнов 2017-жылга бүткөрүлүшү белгиленген "Бишкек жылуулук энергия" борборун модернизациялоого чейин параллелдүү түрдө "Бишкек жылуулук тармагынын" өткөргүч түтүктөрүн алмаштырууну жана даректүү тариф саясатын иштеп чыгууну сунуштады. Аталган мекеменин кызматкерлери бул тармакты модернизациялоого жалпы жонунан 200 миллион доллардай акча каражаты керектелерин айтышты.
Мындай каражатты инвестициялардан болобу же башка булактардан болобу, табуу маселеси аткаруу бийлигине тапшырылды. Ошону менен катар «Бишкек жылуулук тармагы» ААКсынын башкы директору Мирбек Батакановдун маалыматын эске алуу менен КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигине бул тармак менен бирдикте жылуулук жана ысык суу эсептөөчү приборлорду борборлоштуруп орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароо жагы белгиленди.