Ош. Көрктөндүрүү иштерин уюштурууда кайдыгер мамиле жасаган жетекчилерге чара көрүлөт

Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин уюштурууда кайдыгер, салкын мамиле жасаган жетекчилерге чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын вице-мэри Ильяз Ражапов менен мэриянын аппаратынын жетекчиси Алмазбек Осмоновго көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырма берилди. Аларга жазгы эки айлыкты өткөрүү, ишембиликтерди уюштуруу, айлана-чөйрөнү тазалоо, чогулган таштандыларды алып чыгуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин уюштурууну талапка ылайык аткарбаган, кайдыгер мамиле жасаган жетекчилерге өз убагында тийиштүү административдик чараларды көрүү милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан