«Улуттук идея: кыргыз тили жана кыргыз адабияты» деген топтомдо кыргыздын чыгаан уулу Ч.Айтматовдун улуттук идеяга карата ою, улуттук идеянын кыргызстандыктар үчүн мааниси, «Манас» эпосу баш болгон чыгармаларда улут, эл, мекен темасынын көркөм чагылдырылышы жана улуттук тил менен улуттук аң-сезимдин карым-катышы тууралуу пикирлер айтылган.
«Улуттук идея кыргыз философиясында» аттуу топтомдо улуттук идеянын маңызы, анын функциялары, анын аксиологиялык негиздери, эл, тил маселелери, улуттук идеядагы диний негиздер, элдик оозеки чыгармачылыкта улуттук идеяны туюнткан баалуулуктар тууралуу талдоолор топтоштурулган.
«Улуттук идея кыргыз тарыхында» аттуу топтомдо кыргызстандыктардын идеологиялык маселелери, мамлекеттик идеологияны иштеп чыгуунун шарттары, кыргыз этносун сактап калуу идеяларынын тарых барактарында чагылдырылышы, улуттук идеология жана этнология, кыргыз маданиятынын контекстиндеги улуттук идеялар талдоого алынып, өлкөнүн руханий жана саясий келечегинин багытын белгилөөчү каражат катары улуттук идеологиянын мүнөзү талдоого алынган.