Депутаттар 2012-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча мыйзам бузган жетекчилерди жоопко тартууну айтышты

Парламентте бүгүн, 12-мартта “КРнын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. Жыйында депутат Исмаил Исаков 2012-жылдын бюджетинин аткарылышын бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери бузганын билдирди. “Эсептөө палатасынын чечимдери бар, андай жетекчилердин бирөө-жарымы жоопко тартылдыбы?”- деди Исаков.

Маселе боюнча баяндама жасаган ЖКнын тармактык комитетинин өкүлү, депутат Курманбек Дыйканбаев “бул боюнча башкы прокуратурага тапшырма берилди, күнөөлүү адамдар жоопко тартылышат” деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан