Парламентте бүгүн, 12-мартта “КРнын 2012-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. Жыйында депутат Бөдөш Мамырова 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча ЖКнын Бюджет жана финансы комитети начар иштеп жатканын билдирди. “Бюджеттин аткарылышында кемчиликтер болгон, Эсептөө палатасынын эскертүүлөрү бар” деп айтып жатасыңар. Анда эмне үчүн силердин комитет бул маселени колдоп коюуну суранып жатат? Силердин комитет өз функциясын аткарбай жатат, эмне, баарын эле палатага чыгара бересиңерби?”- деди Мамырова.
Тармактык комитеттин төрагасы Курманбек Дыйканбаев маселени биринчи окууда парламент колдогонун айтканда Мамырова “силер биринчи окууда эле маселени колдоп коюуну сурангансыңар” деп жооп кайтарды. Буга Дыйканбаев далилдүү жооп айта алган жок.