Жумгал районунун Кабак айылында жаңы фельдшердик-акушердик пункт ишке берилди. Бул тууралуу 12-мартта айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Шейшенов билдирди.
Анын айтымында, аталган жай жергиликтүү демөөрчүлөрдүн эсебинен тургузулган. Буга чейин аталган фельдшердик-акушердик жай балдар бакчасынын ичинде жайгашкан эле. Ал жактан чыгарылгандан кийин жаңы имарат салууга туура келген.