12-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 миллиард 750 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка агып кирген суунун агымы секундуна 149 метр кубду түзсө, агып чыккан суунун агымы 727 метр кубду түзүүдө.
Өткөн жылы республикадагы негизги суу резервиндеги көлөм 11 миллиард 665 миллион метр куб болгон. Агып кирген суунун агымы 154 метр кубга барабар болсо, агып чыккан суунун агымы 644 метр кубду түзгөн.