"Кыргызгаз" миноритардык акционерлерден акцияларды сатып алуу мөөнөтүн узартты

«Кыргызгаз» ААК компаниянын балансын жок кылуу чечими бекитилмейинче миноритардык акцияларды сатып алуу мөөнөтүн узартты. Бул туурасында 11-мартта «Кыргызгаз» ААКсынын басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, акцияларды сатып алуу мөөнөтү компаниянын балансын жокко чыгаруу чечими бекитилгенге чейин күчүндө болот. Күн, айы көрсөтүлгөн соң акцияларды сатып алуу токтотулат. Өткөн жумада Кыргыз фонд биржасында мекеменин 15 миллион сомго бааланган акциясы сатыкка коюлган.
“Кыргызгаз” ишканасынын маалыматы боюнча, мекеменин 87,9 пайызы Мамлекеттик мүлк фондуна, 5,6 пайызы Социалдык фондго, 6,36 пайызы карапайым миноритардык акционерлерге таандык. Учурда миноритардык акционерлердин колунда акциянын 1 пайызы калган. 
Кошумчалай кетсек, “Кыргызгаз” ишканасынын акциясы 67 сомдон сатылып алынууда. Учурда миноритардык акционерлерде 552 миңден ашуун жөнөкөй акция калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан