Жеңиш Молдокматов: "Украинада Майдан башталгандан бери Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдарга миллиондор келип жатат"

Украинада Майдан башталгандан бери Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдарга миллиондор келип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин алдында болгон акция учурунда “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди.

Бул акчалар кайда жумшалып, кандай максатта колдонулуп жатканын эч ким билбейт. Алсак, “Адилет” деген өкмөттүк эмес уюмга чет өлкөлөрдөн 28 миллион сом которулуптур. Ушундай эле акчалардын агымы башка уюмдарда да байкалат. Нарын облусундагы Нарын районунун жылдык бюджети 16 миллион сом. Ал эми эки-үч киши иштеген өкмөттүк эмес уюмдардагы миллиондор кайда кетип жатат? Муну мамлекеттик деңгээлде текшерүүгө алыш керек. Биринчи кезекте бул маселени биз эмес, депутаттар көтөрүшү керек эле”, - деди Жеңиш Молдокматов.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин алдында гейлерге, бисексуалдарга каршы акция өттү. Ага “Калыс” саясий кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов баштаган 100дөн ашык жаштар катышты. Анда “Кыргызстанда гомосексуализмди өспүрүмдөр арасында жайылтпоо жана пропагандалоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам иштелип чыксын”, “Өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердүүлүгү текшерилсин” деген талаптар коюлду.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан