Митингчилер: “Милиция кызматкерлеринин “отметкага” турганынын өзү эле коррупция” (фоторепортаж)

Бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын алдында Ахматбек Келдибековдун жактоочуларынын тынчтык митинги уланууда. Эл ичинен шайланып, башкы прокурор Аида Сальяновага жолугушууга аттанган 5 өкүл чыга элек.

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдары ошол жерде коопсуздукту сактоо үчүн турган милиция кызматкерлеринин даректерине түрдүү сөздөрдү айтып жатышат. “Мына бул милициялар “отметкага” турушат. Байкуштар айлык деле алышпайт. Бул коррупция эмеспи? Жумушка чыкса да, чыкпаса да чоңдоруна акча беришет. Булар айылдан келген карапайым балдар. Ачка жүрүшөт, кийген кийимдерин карап койгула. Бийлик аларды минтип адилеттүүлүк издеп чыккан элдин алдына коюп, күч катары пайдаланууга даяр. Бирок ошолорго деле көңүл буруп, карап коюшпайбы?! Ал эми чоңдун балдары же СНБда иштейт, же прокуратурада иштейт” деген тариздеги нааразычылыктар айтылууда.

Андан тышкары президентке сын айтып, адилетсиз иш алып барып жатканын билдиришүүдө. Эл алдына чыккандардын бири: “2010-жылы апрелде 80ден ашуун баланы аткан снайперлер эмнеге жоопко тартылбайт? Эл бирдеме десе эле “Кудайдан корккула” деп калат. Өзү коркпогондон кийин эмнеге айтат? Минтип чогулган элдин мүдөөсү аткарылган жок”,- деди. 
А.Келдибековдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан