Кезектеги өөн идея: Жириновский алфавиттен "Ы" тамгасын алып салууну сунуштап жатат

Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский орус алфавитинен "Ы" тамгасын алып салууну сунуштоодо. Муну бүгүн, 12-мартта орусиялык ММКлар жарыялашты. Жириновский: “Бул түрү суук тамганы жоготуш керек. Азиаттарга таандык тамга, ушул тамга үчүн бизди Европада сүйүшпөйт”,- деп айтуу менен "Ы" тамгасы орус тилине монгол тилинен келип кошулганын билдирди.

“Бул тамганы айбанаттар колдонот, “ы-ы” деп. Бизге "И" тамгасы жетет”,- деп кошумчалады Жириновский.

Жириновскийдин айтымында, анын уулу (Мамдуманын вице-спикери Игорь Лебедев) бала кезинде “Ы” тамгасын айта алчу эмес. "Бир жолу “ата, ата, тиги жакта мамалак (мишка) жүрөт” деди. Мен кандай мамалак болуп кетти деп ойлопмун, көрсө, чычкан экен (мышь)",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан