Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова менен Курманбек Дыйканбаев бүгүн, 12-мартта Япониянын Кыргызстандагы Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Борбордук Азия жана Кавказ боюнча департаментинин директору Тэцуя Ямада менен жолугушту.
Жолугушууда кызматташтык, анын ичинде Жогорку Кеңеш менен JICA`нын ортосундагы мамилени жакшыртуу жаатында пикир алышуу болду. Бишкек-Ош жолундагы көчкү коопсуздугун камсыз кылуу, Ош – Баткен –Исфана жолунун айрым тилкелерин калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруу маселелери да талкууланганын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Депутаттар кыргыз парламенти JICA тарабынан каржылана турган долбоорлорго колдоо көрсөтүлө турганын билдиришти.