Жалал-Абад шаарында ичүүчү таза суунун баасы 1 сомго кымбатташы мүмкүн

Мындай маалыматты бүгүн, 12-мартта Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында өткөн коомдук угууда Жалал-Абад суу-канал башкармалыгынын жетекчиси Айтпай Мусаев билдиргенин мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. 
Маалыматка ылайык, буга чейин ичүүчү таза суунун миң литри 6 сомдон сатылып келсе, өздүк наркы 8 сом 81 тыйынды түзөт. А.Мусаев белгилегендей, жакынкы жылдарда ар бир керектөөчүгө эсептик аппараттары да орнотулат. Мындай өзгөрүүлөр жакынкы күндөрү шаардык кеңештин сессиясында каралат. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарына сырт тараптан таза суу алып келүүгө Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 8 миллион долларлык долбоор иш жүзүнө ашканы турат.

Ошондой эле Жалал-Абад суу-канал башкармалыгынын жетекчиси: "Көп жылдардан бери эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштырууга Европа өнүктүрүү банкы тарабынан 7 миллион долларлык каражат жумшалмакчы. Анын 3 миллиону кредиттик негизде жүрсө, калганы кайтарылбайт»,- деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан