Кыргызстандын биринчи канайымы Раиса Атамбаева расмий эмес иш сапары менен Татарстанда жүрөт

Кыргызстандын биринчи канайымы Раиса Атамбаева расмий эмес иш сапары менен Татарстанда жүрөт. Бул тууралуу Татарстандын маалымат каражаттары бүгүн, 12-мартта жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, 11-мартта канайым Бугульма шаарында болуп, Татарстандын муфтийи Камил хазрети Самигуллин менен жолугушкан. Муфтий Кыргызстандын биринчи айымын Татарстанда исламдын өнүгүүсү, татар элинин диний-салттык үрп-адаттары менен тааныштырып, аны менен катар республиканын Мусулмандар дин башкармалыгынын алгылыктуу жасап жаткан иштери боюнча маалымат берген.
Жолугушуу учурунда Татарстан муфтийи Раиса Атамбаевга болгон сыйы катары "Хузур" басма үйүнөн чыккан китептерди жана сувенирлерди тапшырды. 
Ошондой эле маалыматта Раиса Атамбаеванын ата-энесинин Бугульма жана Сарманова шаарларында төрөлгөнү, Союз кезинде алар Ош шаарына жөнөтүлүп, ошол жактан таанышып калышканы, учурда Татарстанда Раисанын агасы жашаары тууралуу да жазылган.
Мындан сырткары бүгүн, 12-мартта канайымдын тоо-лыжа комплексине жана "Татнефть" ишканасына бара тургандыгы айтылган.
Кошумчалай кетсек, бул Раиса Атамбаеванын Татарстанга болгон экинчи сапары. Аталган өлкөгө ал 2012-жылы барган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан