Жантөрө Сатыбалдиев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүн кабыл алды

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 12-мартта кызматтык миссиясынын аякташына байланыштуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Жонатан Вейтчти кабыл алды. Муну өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда өкмөт башчы Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылык айтты. 

“Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясы ЮНИСЕФ менен бирге 2010-жылдагы Июнь окуясынын кесепеттерин тез арада калыпка келтире алды. Мага ошондо эксперттер талкаланган имараттарды калыбына келтирүүгө 2-4 жыл кетерин айтышкан. Бирок жарым жылда калыбына келтирилди”,- дейт Сатыбалдиев.

Вейтч өз учурунда фонд тарабынан жасалган иштерди белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан