Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши активист Илья Лукаштын Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө ким себепкер болгонун тактап берүү талабы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка кайрылышты.
Укук коргоочулардын айтымында, Илья Лукашка кысым көрсөтүүлөр күчөгөндүктөн, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал буга чейин “Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы!” аталышындагы акция уюштурган. Мындан улам ал куугунтуктоолорго тушуккан. Ошондой эле 27-февралда жаш активисттер "гомосексуалдардын укугун коргогон" деп Лукаштын сүрөтүн өрттөшкөн.