"Кыргызстанда 1 даана Баатыр эне орденин жасоого 7000 сом кетет" деген маалымат айтылууда, бирок бул сумма каяктан келип чыкканын иликтеп көрүш керек". Муну бүгүн, 12-марттагы “Парламент” радиосунун түз байланышында депутат Урмат Аманбаева билдирди.
“Баатыр эне орденин жасоо тууралуу тендер жарыяланган эмес же ордендин үлгүсүн даярдоого сынак өтпөдү. 7000 сом деген сумма каяктан келип чыкканын билбейм. Ачык тендер жарыялап, мындан арзан баага деле даярдаса болсо керек”,- деди депутат.