Бишкекте бүгүн, 12-мартта Башкы прокуратуранын имаратынын алдына камактагы депутат
Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышты. Алар Келдибековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышты. Митингчилердин өкүлдөрүн башкы прокурор
Аида Салянова кабыл алды. Андан соң акцияга чыккандардын негизги талабы болгон
Келдибековдун азыркы баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсү, анын үй камагына
чыгарылбай турганы белгилүү болду.
Анын тарапташтары Башкы прокуратурага дагы 10 күн беришип, белгиленген убакыттын ичинде
эч кандай чара көрүлбөсө, акциялар уланарын билдиришти.
Белгилей кетсек, 13-январда Келдибековдун бутуна жана колуна операция жасалган.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан 20-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 айга камоо чечимин чыгарган.