Талас облусунун Манас районунда кетчуп чыгаруучу завод ишке киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта облустук администрациядан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган завод орусиялык компания менен биргеликте 3 миллион сомго тургузулган. Жакынкы күндөрү аталган завод ишке киргизилип, андан кетчуп, помидор ширеси жана томат пастасы чыгарыла баштайт. Ишкана суткасына 200 тонна помидорду иштеп чыгарууга ылайыкташкан.