Ак-Талаа районунун акими Семетей Черикбаев 11-мартта коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда жума күндөрү спирт ичимдигин сатууну токтотууну сунуштады.
Анын пикири боюнча, жума намазы учурунда спирт ичимдигин сатууну токтотуу менен көптөгөн уруш-талаштын, түрдүү кырсыктардын алдын алса болот. “Ичимдикти сатууну токтотуу, албетте, мүмкүн эмес. Бирок азыраак сатууга жана айрым күндөрү сатпай коюу мүмкүн”,- дейт ал.