“Бишкек баатырдын эстелиги үчүн борбор шаардан 2 метр жер табылбай жатат” дешти депутаттар

ЖКнын 13-марттагы жыйынында депутат Мамытбай Салымбекков Бишкек баатырдын эстелигин орнотуу үчүн борбор шаардан 2 чарчы метр жер табылбай жатканын айтты. Айтымында, буга өкмөт башчы, президент көңүл бурушу керек. 

“25 жылдан бери 2 метр жер табылбай жатат. Артисттердин сүрөтү жайнап турат, бирок баатырдын сүрөтүн илгенге орун жок. Албетте, артисттер жаман эмес, бирок баатырга орун табылбай жатышы туура эмес”,- деди депутат.

Салымбеков баатырдын урпактары бөлүнчү жердин акчасын төлөп берүүгө деле макул экенин кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан