“Орусия, Казакстандагыдай улуттук сынак уюштурбасак болбойт. Мектепте 11 жыл окуган баланын эмгеги бааланбай калууда. Ал "4", "5" деген баага окуганы менен, жыйынтык болбой жатат, ЖОЖдор жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен кабыл алышууда. Кандайдыр бир уюмдардын жетегинде болбой, улуттук сынакты уюштуруу керек. Бул боюнча жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатат”,- деп билдирди депутат.