Ош шаарындагы соода түйүндөрүндө сатылып жаткан азыктардын сапатын текшерүү үчүн Ош шаардык монополияга каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан атайын рейд уюштурулду. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Арзыбек Жунусов бүгүн, 13-мартта билдирди.
Анын айтымында, азыктар мөөнөтүнүн өтүп кеткендигине карабай сатылып жаткандыгы аныкталган. "Тез бузула турган азыктар гана текшерүүгө алынды. Көпчүлүгүнүн мөөнөтү өтүп кеткени маалым болду",-деди ал.