“Расмий түрдө 100 миңдей Кытайдын жараны бар экени айтылат, иш жүзүндө 200-300 миң болушу мүмкүн. Кыргыздын сулуу кыздары аларга алданып төрөп жатышат. Алардан төрөлгөн балдар кийин кандай болот? Кытай жарандары кадимкидей паспорт алып жатышат, милициялар менен чабышууда. Бири да жооп бербейт, акча менен кутулууда. Буга чек коюш керек. “Бүгүнкү Кыргызстанда салынып жаткан жолдор, көмөк чордондор келечектеги Кытайдын бир провинциясына салынып жатат” деген маалыматтар бар”,- деди Дыйканбаев.