Балыкчы шаарында муниципалдык базардын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган базар шаардын Каркыра кичи районуна курулууда. Базардын курулушу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланууда. Курулуш иштерине 20,6 миллион сом каралган болсо, учурда анын 8,9 миллиону которулду.