Турсунбай Бакир уулу Жириновский боюнча: “Ы” тамгасы польша, беларусь тилинде эң популярдуу тамга”

Парламенттин 13-марттагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесине орус депутаты Владимир Жириновскийдин “Ы” тамгасын орус алфавитинен алып салуу демилгеси таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

“Ы” тамгасы польша, беларусь тилинде эң популярдуу тамга. Орусиянын “Х”, “Ц”, “Ь” деген тамгаларын колдонуп жатабыз го. Ансыз да Бажы биримдигине кирүүдө арсар болуп турган Кыргызстан үчүн Жириновскийдин сөзү таасир этиши мүмкүн”,- дейт Бакир уулу.

Депутат Украинадагы кырдаал боюнча президент АлмазбекАтамбаевдин позициясын колдой турганын билдирди. “Алмазбек Атамбаев “Украина өз маселесин өзү чечиши керек” деди. Бул маселеде мен Орусиянын аракетин колдобойм”,- деп кошумчалады Бакир уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан