“Баткенде Ак-Сай – Тамдык унаа жолу токтоп калды, тажик аскерлери жол өтчү аймакты кайтарып турушат” деди депутат Карамат Орозова

“Баткендеги Ак-Сай – Тамдык унаа жолун куруу жүрүп жатат” деген өкмөттүн маалыматы жалган. Муну парламенттин 13-марттагы жыйынында депутат Карамат Орозова билдирип, чек ара боюнча түзүлгөн вице-премьер-министрлик кызматты жоюуну сунуштады. Анын билдиришинче, “кыргыз-тажик чек арасынан аскерлер алынды” деген маалымат да жалган.

“Аскерлер алынган жок, жолдун курулушу токтоп турат. Жолду куруу үчүн тоону жардыруу керек болууда. Бирок тажик чек арачылары ал тоонун жанында карап турушат. Желектерин илип алышкан. Ал жерге биздин генералдар бара алышпайт, коркушат. Маселе чече албаган вице-премьер-министрдин эмне кереги бар? Токон Мамытов расмий маалымат берүү менен гана чектелүүдө. Бул органга бөлүнгөн акчаны чек арачыларга которуп, жашоо шартын оңдосок болот”,- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан