Баткендеги кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүгө Жогорку Кеңеш кийлигишүүсү керек. Муну бүгүн, 13-марттагы ЖКнын жыйынында депутат Ташполот Балтабаев айтып чыкты. Депутаттын билдиришинче, тажик бийлиги ММКлар аркылуу бурмаланган маалымат берүүдө.
“Жакында окуп калдым, тажикстандык журналист макала жазыптыр. Анда Баткендин Ак-Сай жана башка аймактары Тажикстанга караштуу экени айтылат. Муну тажик бийлигинин позициясы катары кабыл алууга жетеленесиң. Депутаттар президентке эч нерсе айта албагандан кийин, жок дегенде парламент бул маселеге өз позициясын билдириши керек. Анткени мамлекеттеги негизги саясий орган - Жогорку Кеңеш”,- деди Балтабаев.
Депутат бул маселе вице-премьер-министрлердин деңгээлинде чечилбей турганын кошумчалады.