Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында Бажы кызматына байланыштуу мыйзам долбоору каралып жатат. Депутаттар мыйзам долбоорундагы ири кемчиликтерди аташты. Эл өкүлү Ташполот Балтабаев: “Бажы кызматына караштуу мүлктү уурдаган же бузган адам кызматтан айдалат” деп жатасыңар. Майда иштер үчүн кызматкерди иштен бошотууга эмне себеп болуп жатат? Мисалы, кызматкер бир отургучту сындырып алса, үн-сөзсүз кызматтан кетет экен да? Бул болбойт да”,- деди Балтабаев.
Депутаттын айтымында, кызматкерге алгач эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш берилиши керек. Андан кийин иштен кетирүү туура.