“Малды идентификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2014-жылдын 1-апрелинен тартып ишке ашырыла баштайт. Бул ишти каржылоо боюнча Кыргызстан менен Польшанын ортосунда комиссия түзүлүп, иштөөдө. Айыл чарбасын өнүктүрүү багытында 40 миллион евролук каржы булагы табылды. Анын 16 миллиону мал-жандыктарын идентификациялоого жумшалат”.
Муну 12-марттагы “Парламент” радиосундагы түз байланышта депутат Эсенгул Исаков билдирди.
Депутат Кыргызстанда асыл тукум чарбаларына атайын статус берүүнүн жоболору боюнча мыйзамга кол коюлганын да белгиледи. Ар бир 3 жылда бир асыл тукум заводдорунун, чарбаларынын жана фермаларынын тизмеси такталып турат.