Жалал-Абад. Жусупжан Жээнбеков өкүлчүлүктөгү жетекчилерди саясий партияларга бөлүнбөй, өлкөнүн келечеги үчүн иштөөгө чакырды

Бүгүн, 13-мартта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Жакшылык Стамбеков билдирди. 

Ал жетекчилерди саясий партияларга бөлүнбөй, Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылууга чакырды. «Ноорузду өзүңөрдүн ишканаңарда жакшы даярдык менен тосуп, жазгы талаа жумуштарына байланыштуу иштерди убагында бүтүрүүңөр керек. Ишиңиздерге ийгилик, баарыбыз чогуу, биргеликте иш алып баруу үчүн аракеттерди жасайлы»,- деди Жусупжан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан