Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында депутат Роза Акназарова Нарын облусунун медицина кызматкерлеринен кайрылуу түшкөнүн билдирди. "Алар соттун чечими чыкканына карабастан, 5 жылдан бери медицина кызматкерлеринин иш тажрыйбасы үчүн кошумча төлөмдөр берилбей келе жатканына нааразы",- дейт депутат.
Буга чейин соттун чечимине ылайык, мугалимдердин иш жылдарына кошумча төлөмдөр кайтарылып берилген, бирок дарыгерлерге төлөнбөй калган. “Өкмөт Нарын облусунда иштеген медицина кызматкерлерине 5 миллион сом карыз. Тезинен тиешелүү чаралар көрүлбөсө, алар нааразычылык акциясына чыкканы турушат”,- деп кошумчалады Акназарова.