Кыргызстанга Польшадан карагаттын жаңы сорттору алынып келинет

"Карагат+" программасынын алкагында Кыргызстанга Польшадан карагаттын жаңы сорттору келет",- деп билдирди бүгүн, 14-мартта Питомниктер ассоциациясынын президенти Данияр Жасоолов.

Анын айтымында, алынып келүүчү сорттордун өзгөчөлүктөрү - ташууга ылайыктуулугу, даамдуулугу жана ар кандай ооруларга туруктуулугу. “Быйыл көчөттөрдүн өздүк баасын (70 сом) фермерлер төлөп, ал эми транспорттук, бажы жана башка төлөмдөр программанын алкагында жүргүзүлөт”,- деп белгиледи Д.Жасоолов.

Быйыл 15 демонстрациялык аянтчалар уюштурулуп, ал жерлерге карагаттын көчөттөрү программанын алкагында берилет.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан