Бишкек мэриясы 13 "Тез жардам" автоунаасын сатып алууну пландаштырууда
Бишкек мэриясы 13 санитардык жана медициналык атайын
"Тез жардам" унаасын сатып алууну пландаштырууда. Бул тууралуу 14-мартта
мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул үчүн шаардык муниципалитет тендер жарыялады. Ар бир унаага 1 миллион 40 сомдон сарптоо пландаштырылууда.
Тендердик билдирмелер 2014-жылдын 7-апрелине чейин кабыл
алынат. Тендердик билдирмелерди ачуу ошол эле күнү жүргүзүлөт.
Тиешелүү документтерди Карасаев көчөсү-41, 2-кабат
дарегиндеги Бишкек шаардык мэриясынын атаандаштык саясат боюнча
башкармалыгынан алууга болот.